Консалтинг
«Көз карандысыз Экспертиза жана Баалоо Борборунун» бизнес-консалтинги
Бул биздин адистердин бизнести өнүктүрүү маселелерин талдоодо жана чечүүдө көрсөткөн кесипкөй жардамы. Бул жардам диагностиканы, иш-аракеттерди пландаштырууну жана чечимдерди иштеп чыгууну, тандалган чечимдерди ишке ашырууну, долбоорду аяктоону жана ишке ашырылган сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камтыйт.
Биздин компаниянын бизнес-консалтинги ишкананын башкаруучулук, экономикалык, финансылык, инвестициялык ишине, стратегиялык пландаштырууга, компаниянын иштешин жакшыртууга, бизнести жүргүзүүнү оптималдаштырууга, сатуу рыноктарын изилдөө жана божомолдоого, баалардын кыймылына жана башка маселелерди чечүүгө жардам берет.
Консалтинг кызматтарын көрсөтүү боюнча иш принциптерибиз
Купуялуулук
Кардардан алынган маалыматтын купуялуулугун сактоо
Ишеним
Кардар менен иштөөдө ишеним атмосферасын сактоо
Ак ниеттик
Ийгиликтүү ишке ашырылышына ишеним болбосо, долбоордон баш тартуу
Мыйзамдуулук
Колдонуудагы мыйзамдарга каршы келген сунуштарды бербөө жана иш-аракеттерди жасабоо
Маалымдоо
Тапшырыкчыны мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө так жана өз убагында маалымдоо
Консалтинг тармагындагы кызматтарыбыз
Стратегиялык консалтинг
- Уюштуруу түзүмүн жана негизги бизнес-процесстерди оптималдаштыруу
- Бизнести өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу
- Структуралык бөлүмдөр үчүн милдеттерди коюу
Бизнес пландаштыруу
- Рынокту талдоо
- Кеңири бизнес-планды иштеп чыгуу
- Ишкананын кызыкчылыктарын үчүнчү жактардын алдында коргоо
Операциялык консалтинг
- Эсепке алуу жана отчеттуулукту уюштуруу
- Кардарлар менен мамилелерди башкаруу
- Жеткирүү жана логистиканы оптималдаштыруу
Маркетинг-консалтинг
- Стратегиялык маркетинг чечимдерин иштеп чыгуу
- Сунуш рыногун талдоо (атаандаштар)
- Суроо-талап рыногун талдоо (керектөөчүлөр)
Финансылык консалтинг
- Чарбалык ишмердиктин финансылык талдоосу
- Компаниянын бизнес-процесстеринин аудити, DUE DILIGENCE
- Бюджеттештирүү системасын киргизүү
Башкаруучулук консалтинг
- Бизнести башкаруунун жалпы маселелери боюнча консультация берүү
- Компаниянын уюштуруу түзүмүн талдоо жана оптималдаштыруу
- Финансылык пландаштырууну жолго коюу